Түштүк Кореядагы Пусан аэропортунда жүргүнчү ташыган учак өрттөнүп кетти
Түштүк Кореянын Пусан эл аралык аэропортунда жүргүнчү ташыган учак өрттөнүп, 170тен ашуун адам эвакуацияланды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, кырсык кечээ, 28-январда болгон. Анда Гонконгго учуп бара жаткан учак учуу маалында өрттөнүп баштаган. Аталган учактын бортунда 169 жүргүнчү жана жети экипаж мүчөсү болгон. Алардын бардыгы үйлөмө тепкич аркылуу тез арада эвакуацияланган. Окуянын кесепетинен жабыркагандар катталган эмес.
Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталып жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.