Жогорку Кеңеште жаңы депутат ант берди
Бүгүн, 29-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында "Ата Журт-Кыргызстан" фракциясынын тизмесинде депутаттык мандатка ээ болгон Пархат Тулендыбаев ант берди.
Ал Ош шаарынын мэри болуп дайындалган фракциялашы Жеңишбек Токторбаевдин ордуна келди.
Эске салсак, Тулендыбаев VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат болгон. Ошол чакырылышта анын жергиликтүү телеканалдардын биринин кабарчысынын гимнди аткарып берүүнү суранганда туура аткара албай калганы интернетке тарап, талкууга алынган. Кийин ал гимнди туура эмес ырдаганы үчүн элден кечирим сураган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:27
2025-06-27
19:52
2025-06-26
13:13
2025-06-26

Рейтинг:
0

