Бишкекте таштанды урнадан табылган ымыркайдын абалы айтылды
Бишкекте таштанды салынган урнадан табылган ымыркайдын абалы туруктуу оор деп бааланууда. Бул тууралуу бүгүн, 29-январда Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Ага ылайык, наристе кечээ, 28-январда Бишкектеги №3 балдар ооруканасына жеткирилген. Учурда жандандыруу бөлүмүндө. Абалы туруктуу оор деп бааланууда. Ымыркай айына жетпей төрөлгөнү аныкталган.
Бүгүн, 29-январда Ленин РИИБи наристе Интергельпо көчөсүндөгү таштандыдан мектеп окуучулары таап алганын маалымдашкан.
Милиция наристе тирүү табылганын кошумчалаган. Учурда кылмыш иши козголуп, наристенин энеси изделүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:49
2025-06-25

14:10
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.