super.kg logo
  Саясат  

Депутат Бекешев телефон шылуундары президенттин үнүн колдонгонун айтты (видео)

 

Жогорку Кеңештин бүгүн, 29-январдагы жыйынында депутат Дастан Бекешев телефон шылуундары тууралуу меселе көтөрдү. Бул боюнча жарандардан кайрылуулар көп түшүп жатканын айткан эл өкүлү ИИМ кызматкерлерин жаңы метод менен иштөөгө чакырды.

"Бизге шылуундар боюнча өтө көп кайрылуулар келип атат. Азыр алардын (шылуундар) доору болуп калдыбы, интернет аркылуу бир топ жарандарды алдап жүрүшөт. Керек болсо президенттин үнү менен видео тасма жаздырып, акцияны сатып жатабыз деп. Мен элге "президент эч качан ага барбайт жана айтпайт" деп айтып жатам. Айткан жок андай. Бул фейк. Мына кечээ бир жаран ушундай маселе менен келген. Башка ушундай арыздар өтө көп.

Менимче, ИИМге, керек болсо тергөөчүлөргө жаңы технологияларды, шылуундарды кантип табуу керектигин үйрөтүш керек. Соцтармактар менен иштеш керек. Алар арызды күтпөй, ушундай видео тасма чыкканда эле дароо аракеттерди кылышы керек", - дейт депутат.

Мындан тышкары Бекешев ИИМдин сайтына шылуундар жарандарды кантип кылтагына илип жатканы боюнча материалдарды жайгаштырышы зарылдыгын айтты.






Парламентте телефон шылуундары тууралуу маселе айтылды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: