super.kg logo
  Саясат  

Депутат Марипов жапайы камандар адамдарга кол салып жатканын билдирди (видео)

 

Жапайы камандар бийик тоолуу аймактарда жашаган элге кол салууда. Бул тууралуу бүгүн, 29-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бакытбек Марипов билдирди.

Эл өкүлүнүн айтымында, кызыл китепке кирген камандар бийик тоолуу аймактарда жашаган адамдарга кооптуулук жаратып, кол салууга дагы барышкан.

Депутат Марипов аталган маселеге Жаратылыш министрлиги көңүл буруп, чечүү жолдорун издөө керектигин айтты.

"Жапайы камандарды кызыл китепке киргизип салышкан, ошон үчүн эл аларга тийишпейт. Бирок аталган жаныбарлар биздин бийик тоолуу аймакта жашаган элибизге кооптуулук жаратып жатат. Адамдарга кол салган учурлар дагы болууда. Алар жаныбарлардан коркуп эгиндерин дагы жыйнай албай калган учурлар бар экен. Буларды кызыл китептен чыгаруу керекпи? Жаратылыш министрлиги бул маселени чечүү жолдорун издеп көрсөңөр", - деди депутат.






Депутат Марипов жапайы камандар адамдарга кол салып жатканын билдирди 

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: