Өкмөт башчы Адылбек Касымалиев жумуш сапары менен Казакстанга барат
Өкмөт башчы Адылбек Касымалиев Казакстандын Алматы шаарына жумуш сапары менен барат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 30-31-январь күндөрү Касымалиев Алматы шаарында болот.
"МинКаб башчысы сапардын алкагында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышат. Ошондой эле жыл сайын өтүүчү "Digital Almaty 2025" санариптик форумунда сөз сүйлөйт. Мындан тышкары бир катар өлкөлөрдүн өкмөт башчылары менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрүү пландалууда", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:27
2025-06-27
19:52
2025-06-26
Рейтинг:
0

