Азамат Жамангулов санариптик өнүктүрүү министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды
Санариптик өнүктүрүү министринин милдеттерин аткаруучу болуп Азамат Жамангулов дайындалды. Тиешелүү тескемеге өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон. Бул тууралуу маалыматты президенттин администрациясы билдирди.
Айта кетсек, буга чейин аталган кызматты Нурия Кутнаева аркалап келген. Ал президент Садыр Жапаровдун кол койгон жарылыгына ылайык, бүгүн, 29-январда иштен алынган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
19:52
2025-06-26
Рейтинг:
0

