super.kg logo
  Саясат  

"Кайра ошол жолго түштүбү?" Депутат элчи Текебаевди коррупциялык иштерди жасап жатат деп айыптады (видео)

 

Бүгүн, 29-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Арсланбек Малиев өлкөнүн Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаевди коррупциялык ишке айыптады.

Ал Текебаевдин жетекчилигиндеги элчиликтин кызматкерлери виза берүүдө акча талап кылганын айтты.

"15-ноябрда Германиянын жараны виза алуу үчүн кайрылат. Бирок энегедир ага виза берилбейт. Айласы жоктон 15-январда виза алуу үчүн кайра акча төлөөгө мажбур болот. Бул деген опузалап алуу болуп жатат. Элчи Текебаев "Ата-Мекенде" жүргөндө аферисттик кылып жүрдү эле, аны "кайра ошол жолго түшүп кеттиби?" деп ойлоп жатам. Мына ага 50 евродон 2 жолу төлөттүрүп жатат. Бирок доллар менен төлөшү керек болчу, мындан дагы көбүрөөк алып жатат. Визасын дагы беришпей жатты эле, Тышкы иштер министрлиги кайрылгандан кийин беришти. Бул биринчи жолу болуп жатпаптыр, буга чейин дагы 2021-жылы кайрылган немис жаранына да визасын бербей созуп жатат", - деди Малиев.

Малиев Тышкы иштер министрлигине элчиликтин ишин текшерүүгө тапшырма берүү керек экенин белгиледи.






Жогорку Кеңеш 29.01.25

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: