super.kg logo

Улан Ниязбеков: "Коррупция менен кармалган кызматкерлердин жетекчилери да кызматтан кол жууйт"

 

Бүгүн, 29-январда ИИМдин жыйындар залында Ички иштер органдарынын 2024-жыл ичиндеги аткарган ыкчам кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарган коллегиялык отуруму өтүүдө. Бул туурасында мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, Ички иштер министри Улан Ниязбеков баштаган жыйында беш маселе каралууда. Алардын бири коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдын өзгөрүшү болду.

"Өздүк курамды “Мекен”, “Намыс”, “Жоопкерчилик” сыяктуу бийик баалуулуктарга умтулууга тарбиялап, өз милдеттерин жакшы түшүнүп, так аткарган адам гана ар бир иште адилеттүү болуп, элдин ишенимин актай аларын окутуп-үйрөтүңүздөр.

Мыйзамга ылайык, коррупцияга шектелип кармалгандарга жаза чаралар күчөтүлүп, мурдагыга караганда бир кыйла катаалдаштырылды. Коррупциялык кылмыштар менен соттолгондор, мамлекеттик же муниципалдык кызматтарда өмүр бою иштей алышпайт. Кайсы гана адам болбосун, коррупциялык кылмышы үчүн кармалса, сөзсүз түрдө камакка алынат жана келтирген чыгымды төлөсө дагы жаза мөөнөтүн аягына чейин өтөп бүтмөйүнчө боштондукка чыга албайт.

Коррупцияга шектелип кармалган адамга карата соттун өкүмү күчүнө кирген учурда, анын үй-бүлөсү, бир туугандары, ата-энеси мамлекеттик кызматтардан бошотулуп, мүлкү конфискация болот. Мындан ары кайсы бир кызматкер пара алып же бирөөнү пара берүүгө мажбурлап, жеке кызыкчылыгы үчүн иштеген фактысы аныктала турган болсо, анда түздөн-түз жетекчилери тартип жазасы менен гана кутулуп кетпестен, токтоосуз түрдө ээлеген кызматынан бошотуу чечимин да кабыл алабыз. Бул мыйзамдын негизги максаты – өлкөбүздө коррупциялык көрүнүштөрдү биротоло жок кылуу жана экономикалык өсүп-өнүгүүлөргө кедергисин тийгизип жаткан көрүнүштөргө чекит коюу болуп эсептелет", - деп белгиледи Улан Ниязбеков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: