super.kg logo

УКМК дарыгердин кабинетине видеобайкоо коюп, аны кармады (видео)

 

Улуттук онкология жана гематология борборунун дарыгери бейтаптардан акча талап кылууга жана алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, атайын кызматка акча алуу боюнча жарандардан бир нече кайрылуулар түшкөндүктөн тергөө иштери башталып, соттун чечими менен анын кабинетине жашыруун видеобайкоо орнотулган.

"28-январда козголгон кылмыш ишинин алкагында 36 жаштагы дарыгер кармалды. Ал онкологиялык оорулууларга жасалган операцияларды, акы төлөнүүчү жана акысыз медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү каттоого албастан, алар боюнча квитанцияларды бербестен 2000 сомдон 20 миң сомго чейин алып жүргөн. Буга байланыштуу санкцияланган видеобайкоонун жүрүшүндө аталган дарыгер тарабынан пара алуунун көптөгөн фактылары тастыкталган. Дарыгердин кабинетин тинтүүдө бейтаптардан алынган 119 миң сом жана 100 доллар табылды", - деп айтылат маалыматта.

УКМК кармалган дарыгер тергөө абагына киргизилгенин, учурда кылмышка тиешеси бар Онкология борборунун башка кызматкерлерин аныктоо иштери жүрүп жатканын кошумчалады.






29.01.25

29.01.25

29.01.25

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: