super.kg logo
  Саясат  

 Маркумду узатууну жана тойлорду жөнгө салуу сунушталууда: Депутаттар колдойбу? (видео)

 

Жамандык–жакшылыктарды уюштуруу тартибин жөнгө салган мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Сунушталган документ коомчулукта кызуу талкууга жем таштады.

Жогорку Кеңештин депутаттары Замирбек Мамасадыков менен Шайырбек Ташиев сунуштаган мыйзам долбооруна кесиптештери кандай пикирде экенин сурап көрдүк.

Толугу менен SUPER.KG порталынын YOUTUBE каналынан көрүңүздөр.

Сунушталып жаткан мыйзам долбооруна ылайык, маркумду узатуу зыйнатына катышуучулардын саны чектелбейт, бирок мал союуга тыюу салынат. Үч күндөн кийин куран окутуп, бир жылкы же бодо мал союуга уруксат берилет. Ал эми маркумга үчүлүк, жетилик, кыркылык жана жылдыгын өткөрүүгө тыюу салынат.

Ошондой эле мыйзамда тойлорду өткөрүүнүн эрежелери дагы каралып, бир бодо мал же бир жылкы союуга уруксат берилет. Үйлөнүү тойго 250дөн ашпаган конок чакырылса, кыз узатуу салтанатына 100дөн ашпаган адам катышат. Эгерде үйлөнүү той менен кыз узатуу бирге өткөрүлсө, коноктордун саны 350дөн ашпашы керек. Үйлөнүүгө байланышкан салтанатка катышкан унаанын саны 3төн ашпашы керек жана кийит кийгизүү, себет берүү, түштөндүрүү сыяктуу кошумча үрп-адаттарга тыюу салынат.

Мындан тышкары ажылыкка, умра зыяратына баргандарды узатуу жана тосуп алууга тыюу салынат. Бул ырасымдар үй-бүлөлүк чөйрөдө гана өткөрүлүшү мүмкүн.

Мыйзамдагы көрсөтүлгөн эрежелерди бузгандарга айып пул салынат. Анда той ээсине 300 миң сом, тойкананын ээсине 100 миң сом, сөөк коюу жана аза күтүүнү өткөргөндөргө 200 миң сом айып каралган.

Эрежелердин сакталышын көзөмөлдөө үчүн жергиликтүү жана аймактык комиссиялар түзүлөт. Алар коомчулукка түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө, жайылтууга жана талаш-тартыш маселелерди чечүүгө милдетүү болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: