super.kg logo

Владимир Путинге кайрылган кыргызстандык жаран өлкөгө депортацияланмай болду

 

Тышкы иштер министрлиги Орусиянын президентине кайрылган Кыргыз жараны Азамат Абдуллаевдин Орусиядан депортацияланышы жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган маалымат боюнча билдирүү жасады.

Билдирүүсүндө министрлик аталган жаран тууралуу маалымат алынганын айтып, буларга токтолду.

"Кыргызстандын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугу Первоуральск шаардык соту тарабынан Орусиянын аймагынан мажбурлап депортациялоого өкүм чыгарылган А.Абдуллаев жөнүндө Первоуральск шаарынын компетенттүү органдарынан маалымат алган. Кыргызстандын жараны соттун чечимин мыйзамсыз деп эсептеп, жогорку инстанцияга кайрылган. Экинчи инстанциядагы сот ал эмгек келишимин узартпагандыгы жана белгиленген мөөнөттө манжа изин тапшырбаганы үчүн биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырган.

Башкы консулдук тарабынан жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы менен Кыргызстандын жараны Екатеринбург шаарындагы Чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоочу жайга которулуп, аны менен жолугушуу өткөрүлдү жана юридикалык кеңештер берилди.

Орус сотунун чечими күчүнө киргенден кийин А.Абдуллаев Кыргызстанга жөнөтүлөт", - деп билдирди министрлик.

Буга чейин Азамат Абдуллаев Орусиянын президенти Владимир Путинге кайрылып, чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоочу борбордон чыгарууну өтүнүп кайрылуу жолдогон. Ал ошондой эле 2025-жылдын 30-апрелине чейин күчүндө болгон мигранттар тууралуу Путин өзү чыгарган мораторийде эске салган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: