super.kg logo
  Саясат  

ТИМ депутат Малиевдин Германия элчилигиндеги виза боюнча айткандарына жооп берди

 

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Жогорку Кеңеште айтылган Германиядагы элчилик тууралуу маселеге жооп берди.

Айта кетсек, кечээ, 29-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Арсланбек Малиев өлкөнүн Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаевди коррупциялык ишке айыптаган. Ал элчилик тарабынан A.Aldoukhova жана U.Ditterbrant аттуу чет өлкөлүк жарандарга виза берүүдө мыйзамсыз аракеттер болгонун билдирген.

ТИМ виза Кыргызстандын мыйзамдарынын алкагында каралып берилгенин айтып, билдирүү таратты.

"Жогоруда аталган жарандар Кыргызстандын визасын алуу үчүн Германиядагы элчилик аркылуу эмес, “Электрондук виза” порталы аркылуу бир нече жолу кайрылышкан. Алардын бардык кайрылуулары Кыргызстандын мыйзамдарынын негизине таянып каралган.

Ошондой эле министрлик депутат Малиевге электрондук виза алуу тартиби, анын баасы жана чет өлкөлүк жарандардын арыздарын кароо мөөнөтү боюнча түшүндүрмө берген", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: