Кыргызстанда Түркиядагы сезондук иштерге каттоо башталды

Маалыматка ылайык, 18ден 45 жашка чейин жарандар мейманканаларда официант, тазалык кызматкери, ашпозчу аниматор болуп иштеп келсе болот. Жалпы 500 иш орун каралган.
Талаптар:
- Кыргызстандын жарандары, жаш курагы 18ден 45 жашка чейин;
- 2026-жылга чейин жарактуу жалпы жарандык (чет элдик) паспорту болушу керек.
Каттоо үчүн талаптар:
- Аты-жөнү латын тамгасында жазылышы керек;
- Паспорттун сүрөтү жана номери (PE же AC менен башталат);
- Толук бойдон жана ак фондо тартылган беттин сүрөтүн жүктөө;
- Электрондук почта;
- Байланыш номери;
Талаптарга жооп берген талапкерлер электрондук почта аркылуу маектешүүгө чакырылат. Маектешүү 2025-жылдын 30-январында Бишкек шаарында өтөт.
Каттоодон өткөн талапкерлер түрк иш берүүчүлөр тарабынан тандалат. 500 орун толгондо, онлайн каттоо автоматтык түрдө жабылат.
Мекеме айлык маяна 700-800 доллардын тегерегинде болорун белгилеген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:10
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.