Бишкекте Кытай университети тарабынан сунушталган катализаторлор сыналып жатат

Бишкек шаарынын мэриясы транспорттук каражаттарга катализаторлорду орнотуу боюнча тажрыйбаны баштады. Бул туурасында бүгүн, 30-январда мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, Кытайдын Циндао мамлекеттик университети тарабынан сунушталган жабдуулар эксперимент катары Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Болот Ибрагимовдун, блогер Максим Золотых жана Айбек Эркинбек уулунун унааларына орнотулган. Аны Экология министрлигинин адистери текшере тургандыгы айтылган.
"Тажрыйба катализаторлордун зыяндуу бөлүкчөлөрдүн чыгышын азайтуудагы таасирин текшерүүгө мүмкүндүк берет.
Изилдөөнүн жыйынтыктары катализаторлордун Бишкектеги абанын сапатына тийгизген таасирин так аныктоого жана шаардын экологиялык абалын жакшыртуу боюнча кийинки кадамдарды иштеп чыгууга жардам берет.
Бишкекте эксплуатация мөөнөтү 15 жылдан ашкан 333 801 унаа катталган", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.