Жогорку Кеңеш Азамат Жамангуловдун талапкерлигин жактырды
Бүгүн, 30-январда Жогорку Кеңештин жыйынында санариптик өнүктүрүү министри кызматына Азамат Жамангуловдун талапкерлиги каралып, жактырылды.
Алгач эл өкүлдөрү суроо беришип, андан кийин добуш берүүдө Жамангуловдун талапкерлигин депутаттар бир добуштан колдошту.
Айта кетсек, Азамат Жамангулов 29-январда санариптик өнүктүрүү министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Буга чейин аталган кызматты Нурия Кутнаева аркалап келген. Ал президент Садыр Жапаровдун кол койгон жарлыгына ылайык иштен алынган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:27
2025-06-27
19:52
2025-06-26
13:13
2025-06-26

Рейтинг:
0

