super.kg logo

Мамлекеттик катчы Касмамбетов аш-тойду тескеген мыйзам тууралуу пикирин билдирди

 

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов Facebook баракчасында аш-тойду тескөөнүн жол-жобосун сунуштаган мыйзам долбоору боюнча пикирин билдирди.

Ал мыйзамдагы айрым сунуштарга гана каршы экенин белгилеп, негизинен мыйзамды колдоого аларлык деп баалады.

"Эмдигиче көксөөнү көтөргөн, көкүрөктөн чыкпаган Көкөтөйдүн ашын берген кыргыздарга "үчүлүккө, жетиликке, кыркына, ашына тыюу салынат" деген берене коомду бир топ бушайманга салды. Үчүлүк, жетилик дээрлик өткөрүлбөй эле, үй-бүлөдө куран окулуп калды. Маркумдун кыркын дагы, ашын дагы уялаш туугандар менен үй-бүлөнүн алкагында жыт чыгарып, майда жандык чалып өткөрүш керек. Таптакыр эле мыйзам менен тыюу салууга каршымын.

Ал эми сөөк ээлеринин каражаты ашып-ташып жатса ошол эле көрүстөнгө барчу таманташ жолдорду салышсын. Чет-чыргасын иреттеп, көктөндүрүү иштерине жумшашса сообу эселенип тиет эле да. Бир аз сунушталган чектөөлөрдү эске алып, мыйзам долбоорун толугу менен колдоого алалы", - деп жазды Касмамбетов.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин депутаттары Замирбек Мамасадыков менен Шайырбек Ташиев жамандык–жакшылыктарды уюштуруу тартибин жөнгө салган мыйзам долбоорун иштеп чыгышып, документти коомдук талкууга чыгарышкан. Анда чакырылган коноктордун санына жана тойдогу кээ бир үрп-адаттарга чектөө киргизилери көрсөтүлгөн жана талапты аткарбагандар айыпка жыгылары жазылган. Мыйзамда эрежелер кантип, ким тарабынан көзөмөлгө алынары дагы белгиленген.

Сунушталган документ коомчулукта кызуу талкууга жем таштады. SUPER.KG порталы бул боюнча эл өкүлдөрүнүн пикирин дагы угуп келди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: