super.kg logo
  Саясат  

Депутат Талиева өкмөттө гендердик теңчилик сакталбай жатканына нааразы болду (видео)

 

Депутат Камила Талиева Министрлер кабинетинин мүчөлөрүн кызматка дайындоодо гендердик теңчилик сакталбай жатканына нааразычылык билдирди. Бул тууралуу эл өкүлү бүгүн, 30-январда парламент жыйынында санариптик өнүктүрүү министри кызматына Азамат Жамангуловдун талапкерлигин карап жатканда айтты.

"Эмне үчүн өкмөттөн аял кишилер бачым-бачым иштен кетип жатат? Жылдыз айым (Жылдыз Полотова мурдагы эмгек министри), социалдык өнүктүрүү министри жүйөсүз алынды эле. Эми Нурия (Нурия Кутнаева мурдагы санариптик өнүктүрүү министри) айым дагы. Себебин билишибиз керек да, эмнеге иштен кетти.

Министрликтерде аялдар жок калды. Билим берүү министрин дагы кетирип койгула. Анда "Эркектердин өкмөтү" деп жаңгак үйүнө жазып алгыла". Андай болбойт", - деди ал.

Ошондой эле депутат МинКабга кайрылып, өкмөт мүчөлөрүн кызматка дайындоодо гендердик балансты сактоо тууралуу айтканын кошумчалады.






30.01.25

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: