super.kg logo

Швецияда Куран китебин өрттөгөн акциялардын уюштуруучусу өлтүрүлдү

 

Швецияда Куран китебин өрттөгөн акциялардын уюштуруучуларынын бири өлтүрүлгөнүн SVT телеканалы билдирди.

Маалыматка караганда, кечээ, 29-январда Стокгольмдун түштүгүндө октон жараат алган 38 жаштагы киши табылган. Ал Куран китептерин өрттөп келген Салван Момика болгон жана алган жараатынан улам каза тапкан.

Телеканал бүгүн Стокгольмдун соту "Улуттук белгидеги кастыкты козуткан" деген айып боюнча өкүм чыгарылмактыгын, бирок айыпталуучулардын бири каза болгону тастыкталгандыктан отурум кийинкиге жылдырылганын кабарлады.

SVT шектүү делген бир нече адам кармалганын, кылмыш болгон жердин айланасы курчоого алынганын маалымдаганы менен, полиция окуя жана маркумдун өздүгү боюнча расмий маалымат бере элек.

Белгилей кетсек, Швецияда Куран китебин өрттөгөн акция бир нече ирет уюштурулган, аны ишке ашыргандардын бири каза тапкан теги ирактык Момика болгон. 2023-жылы жайында Стокгольмдун 4 жеринде мусулмандардын ыйык китебинин өрттөлүшү боюнча прокуратура ага карата "Улуттук белгидеги кастыкты козуткан" деген айып таккан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: