super.kg logo

Вашингтондогу учак кырсыгы боюнча эмнелер белгилүү?

 

Вашингтондо жүргүнчү учагы менен аскердик тик учактын кагылышы боюнча акыркы алынган маалыматтар:

- Жүргүнчүлөр учагынын бортунда 64 адам, аскердик тик учактын ичинде 3 адам болгон;

- Жүргүнчү учагы кулаган дарыядан 18 адамдын сөөгү чыгарылды;

- ММКлар ФБРге шилтеме берүү менен учак кырсыгына кылмыштуу же террористтик түзүмдөрдүн тиешеси жок экендигин билдиришти;

- Жээк коопсуздугу, күч түзүмдөрү, куткаруучулар жеринде иш алып барууда;

- Пентагон кырсык боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди;

- Рейган аэропорту эртең, 31-январга чейин жабык болот;

- Дональд Трамп аскердик тик учактын экипажы багытын өзгөртүп, трагедияны алдын алса болмок деген оюн билдирди;

- Учактын кулашы АКШда акыркы 15 жыл аралыгындагы адам өлүмү менен коштолгон эң чоң кырсык болушу мүмкүн;

- АКШда кыйраган учакта көркөм муз тебүүчүлөр жана орусиялык мурдагы машыктыруучулар болгондугун спорт агенти Ари Закарян РИА Новостиге билдирген. Ал эми америкалык спортчу Жон Маравилла 14 фигурист болгондугун айткан.

Белгилей кетсек, АКШнын борбору Вашингтон шаарында учак кырсыгы катталгандыгы айтылган. Жүргүнчү ташыган учак 29-январда жергиликтүү убакыт боюнча саат 21:00дө конуп жатып тик учак менен кагылыша кетип, Рональд Рейган атындагы аэропортко жакын жердеги Потомак дарыясына түшүп кеткендиги белгилүү болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: