АКШда кыйраган учакта мурдагы советтик көркөм муз тебүүчү да болгон
Вашингтондо кыйраган жүргүнчү ташуучу учакта мурдагы советтик көркөм муз тебүүчү Инна Волянская болгон. Бул тууралуу Матч ТВ телеканалы билдирди.
Ал Вирджиния штатынын Ashburn Ice Hose командасынын машыктыруучусу болгон жана улуттук коньки тебүү боюнча чемпиондуктан кийин АКШнын борборуна кайтып келе жаткан.
Мындан тышкары бортто орусиялык көркөм муз тебүү мектебинин спортчулары болгону айтылды.
Black Hawk аскердик тик учагы менен кагышкан учактын ичинде 64 жүргүнчү болгон жана алардын төртөө экипаждын мүчөсү. АКШнын президенти Дональд Трампка кырсык тууралуу маалымат жеткирилген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.