super.kg logo

«Элдик Банк» ESG-рейтинги ыйгарылган Кыргызстанда эле эмес, Борбордук Азиядагы алдынкы банктардын бири болуп калды

 

«Элдик Банк» ААК (мындан ары - Элдик Банк) эл аралык ESG-рейтинги ыйгарылган Кыргыз Республикасындагы биринчи банк жана Борбордук Азиядагы алдынкы банктардын бири болуп калды.

2025-жылдын 28-январында Элдик Банк S&P Global Corporate Sustainability Assessment 2024 рейтингинин алкагында 45 балдык баага татыктуу болду, ал эми эл аралык каржы тармагындагы компаниялардын арасында орточо дүйнөлүк баалоодо – 37 балл. Мына ошентип, Элдик Банк (пайыздык өлчөм – 67) эл аралык каржы тармагында бул рейтингде алдыңкы компаниялардын үчөөнүн бири. Экологиялык аспект боюнча, Элдик Банкка берилген баа - 32 балл, социалдык аспекти боюнча- 37 балл, корпоративдик башкаруу жана туруктуу экономикалык таасир боюнча - 54 балл.

Элдик Банк Башкармасынын Төрагасы Уланбек Ногаев: “Биз дүйнөлүк алдынкы S&P Global Corporate Sustainability Assessment - ESG рейтингдердин бирин алгачкы болуп алганыбызга сыймыктанабыз. Бул жетишилген жогорку натыйжа туруктуу өнүгүүнүн алдыңкы дүйнөлүк практикасына жана бизнести жоопкерчилик менен башкарууга багытталган биздин корпоративдик ESG-трансформация ишибиздин ийгилигин көрсөтүп жатат. Мамлекеттик алдыңкы финансы уюму катары, Элдик Банк Кыргыз Республикасына улуттук артыкчылыктарды, БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттарын жана жашыл экономикалык өсүштү ишке ашырууда, анын ичинде, туруктуу каржылоону кеңейтүү жана ESG эл аралык өнөктөштүгүн активдештирүү аркылуу, ар тараптуу колдоону улантуу ниетинде».

Маалымат иретинде: “Элдик Банк” - өлкөбүзддөгү алдыңкы үч кредиттик-каржы мекеменин бири катары Кыргызстандагы эң ири мамлекеттик банк болуп саналат.

Элдик Банк Туруктуу өнүгүү тармагындагы эң ири эл аралык бирикме - БУУнун Глобалдык келишиминин катышуучусу болуп саналат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: