Чүйдө кырсыкка кабылган унаа экиге бөлүнүп кетти
Чүй облусунун Ысык-Ата районунда жеңил унаа кырсыкка кабылып, экиге бөлүнүп кетти. Мындай маалымат социалдык тармактарга тарады.
Кырсык бүгүн, 30-январь күнү кечке жуук Красная Речка айылында болгон. Анда Nissan Maxima үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай калып, анын кесепетинен унаа электр мамысын сүзүп, экиге бөлүнүп кеткен.
Бактыга жараша кырсыктан олуттуу жабыркагандар катталган эмес.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.