super.kg logo
  Саясат  

Бир апта ичинде кызматтан алынып, кызмат алган жетекчилер

 

Өлкөдө 27-январдан 31-январга чейин бир нече кадрдык өзгөрүүлөр орун алды. Аларды бир топтомдо тизмектейбиз.

Апта башында, 28-январда Кыргыз-Орус Славян университетинин биринчи проректору болуп Гүлнара-Клара Самат дайындалып, эмгек жамаатка тааныштырылды. Мындай чечим аталган университеттин окумуштуулар кеңешинин жыйынында жактырылган.

Белгилей кетсек, ал Кыргыздын Орусиядагы элчиси болуп 2021-жылдын февраль айынан 2024-жылдын май айына чейин иштеген.

29-январда Светлана (Асланайым) Аширова А.Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинин директору болуп кайра дайындалганы кабарланды. Ал буга чейин келишимдин мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу 23-январда кызматынан бошотулган.

Айта кетсек, Аширова циркте көркөм жетекчи болуп жүрүп, былтыр 23-октябрда директорлукка дайындалган.

Эми Ош шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси кызматын Шаршеналы уулу Адилет аркалайт. Тиешелүү буйрукка мэр Жеңишбек Токторбаев 28-январда кол койгон.

29-январда президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева кызмат ордунан бошотулду. Кутнаева аталган кызматка 2023-жылдын сентябрь айында дайындалган болчу.

Ушул эле күнү санариптик өнүктүрүү министринин милдеттерин аткаруу Азамат Жамангуловго жүктөлдү. Ал эми Жогорку Кеңештин 30-январдагы жыйында санариптик өнүктүрүү министри кызматына Жамангуловдун талапкерлиги каралып, колдоо тапты.

Бул жумада Жазаларды аткаруу кызматынын төрагасына жаңы орун басар дайындалды. Аталган кызматты эми Улан Жолдубаев аркаламай болду. Буга чейин ал ЖАКтын Башкы ыкчам-режимдик башкармалыгынын башчысынын орун басары болуп иштеген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: