super.kg logo

Анкара шаарында "Бейиш эненин таманында" тасмасы көрсөтүлдү

 

Анкара шаарында Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги тарабынан уюштурулган дипломатиялык кабыл алуу иш-чарасы өтүп, режиссёр Руслан Акундун "Бейиш эненин таманында" тасмасы көрсөтүлдү. Бул жөнүндө ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чара Кыргызстандын Түрк Мамлекеттер Уюмуна төрагалык кылуу мезгилине карата уюштурулуп, Кыргызстандын 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин илгерилетүү максатында өткөрүлдү.

Ал эми тасманын көрсөтүлүшү Кыргызстандын демилгеси менен кабыл алынган жана жыл сайын БУУ тарабынан белгиленген «Эл аралык тоо» күнүнө арналган.

Иш-чарага Түркиянын министрликтери менен ведомстволорунун жетекчилери жана өкүлдөрү, Түркия парламентинин өкүлдөрү, чет мамлекеттердин элчилери жана дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлери, чыгармачыл жана илимий интеллигенциянын өкүлдөрү, ошондой эле Түркияда жашаган кыргызстандыктар катышты.

Кыргыздын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев кино көргөзмөнүн ачылышында өлкөнүн Түрк Мамлекеттер Уюмуна төрагалык мезгилиндеги пландары жана Кыргызстан БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкер катары алдына койгон максаттары жана милдеттери тууралуу маалымат берди. Ошондой эле тоолуу экосистемаларды сактоонун жана колдоонун маанилүүлүгүнө токтолду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: