super.kg logo

Вашингтондогу учак кырсыгы: Куткаруучулар 40 адамдын сөөгүн тапты 

 

АКШнын Вашингтон шаарында кырсыкка кабылган учакта набыт болгон 40 адамдын сөөгү табылып, калгандарын издөө иштери уланууда. Бул тууралуу РИА Новости басылмасы жазды.

Акыркы маалыматтарга караганда, куткаруучулар 40 адамдын толук сөөгүн жана бир нече кишинин дене мүчөлөрүн табышкан. Каза болгон адамдардын айрымдарынын жансыз денелери жээкке чыгып калган. Ал эми калган адамдардын сөөктөрү экиге бөлүнгөн учактын арткы бөлүгүндө болушу мүмкүндүгү айтылды.

Белгилей кетсек, 30-январда АКШнын борбору Вашингтон шаарында учак кырсыгы катталгандыгы айтылган. Жүргүнчү ташыган учак 29-январда жергиликтүү убакыт боюнча саат 21:00дө конуп жатып тик учак менен кагылыша кетип, Рональд Рейган атындагы аэропортко жакын жердеги Потомак дарыясына түшүп кеткендиги белгилүү болгон.

Ал эми кыйраган учактан каза болгон 28 адамдын сөөгү суудан табылган. Учакта 60 жүргүнчү жана төрт экипаж мүчөсү болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: