super.kg logo
  Саясат  

Европа бирлигинин Кыргызстандагы өкүлү Садыр Жапаровдун Брюсселде досу бар экенинин белгиледи

 

Бүгүн, 31-январда президент Садыр Жапаров Европа бирлигинин (ЕБ) Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы, элчи Мэрилин Йосефсонду кабыл алды. Бул туурасында мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, мамлекет башчысы Европа бирлиги Кыргызстандын ишенимдүү жана маанилүү өнөктөшү болуп келгенин, ал эми акыркы эки жыл эки тараптуу жана аймактар аралык кызматташтыкты өнүктүрүүдө өзгөчө жемиштүү болгонун баса белгиледи.

Өз кезегинде Мэрилин Йосефсон президент Садыр Жапаровдун кызматташтыкты чыңдоого кошкон жеке салымын, анын лидерлигинин аркасында кыргыз-европалык мамилелер жаңы деңгээлге жеткенин баса белгиледи.

Мындан тышкары “Брюсселде сиздин ишенимдүү досуңуз бар экенин унутпаңыз” деп кошумчалаган Мэрилин Йосефсон Кыргызстан менен Европа Бирлигинин ортосундагы кызматташтык өз ара урматтоо жана ишеним принциптеринде мындан ары да өнүгө берерине ишендирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: