Бишкекке 12 метрлик жаңы Isuzu автобустар келди
Бишкек шаарына Isuzu үлгүсүндөгү жүргүнчү ташуучу автобустардын акыркы партиясы келди. Бул тууралуу Бишкек мэриясы кабарлады.
Акыркы партия менен дагы 25 автобус Бишкекке келди. Жалпысынан, шаарга заманбап 12 метрлик, газ менен жүрүүчү 85 автобус алынып келди.
Бул автобустар 90 жүргүнчүнү батыра алат, анын 24ү отургуч орундар. Ошондой эле, аба ырайынын ысык күндөрүндө жүргүнчүлөргө ыңгайлуу шарт түзүү үчүн заманбап кондиционерлер менен жабдылган.
Белгилей кетсек, мамлекеттик номерлер алынгандан жана маршруттук схемалар бекитилгенден кийин жаңы автобустар шаардык каттамдарга чыга баштайт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.