УКМК Оштогу "Хизбут-Тахрир” уюмуна мүчө болгондорго тинтүү жүргүздү






Ош облусунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун активдүү мүчөлөрү жашаган 7 жерде тинтүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу УКМК кабарлады.
Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында тыюу салынган экстремисттик адабияттар жана буюмдар (88 китеп, 7 телефон, 13 дептер, 2 планшет, видеокассета жана банк картасы) табылган.
Табылган буюмдар Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматына дин таануу экспертизасына жөнөтүлдү.
Экспертизанын жыйынтыгы боюнча кылмыш ишинин катышуучуларына карата кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.