super.kg logo

"Жаңы жол ачылат". Жеңишбек Токторбаев бүгүн дагы таң атпай Ошту текшерди (фото)

 

Бүгүн, 1-февралда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев шаардагы А. Масалиев кең көчөсүн кыдырды. Бул тууралуу Ош мэриясы кабарлады.

Анын жүрүшүндө шаар башчысы жарандардын көптөгөн өтүнүчтөрүнө ылайык, А.Масалиев көчөсү менен А.Шакиров көчөсүн байланыштырган Нурматов көчөсүн ачуу керектигин белгилеген. Аталган көчө №703 аскер бөлүгү тарабынан тосулуп калган.

Шаар башчысы жолду ачуу боюнча иштерди баштоо зарыл экенин белгилеп, жолдун жабылышынын мыйзамдуулугун текшерип чыгуу боюнча тиешелүү кызматтарга тапшырмаларды берди.

Ошондой эле А.Масалиев көчөсүндөгү кызыл сызыкка чыккан курулуштарды, тосмолорду, алып салуу, ошондой эле коммерциялык объектилердин сырткы көрүнүшүнүн бирдиктүү дизайнын иштеп чыгуу боюнча тапшырма берилди.

Оштогу көчөлөрдү тиешелүү талаптарга ылайык келтирүү иштери улантылат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: