Таңга маал Сокулукта фура жарылып, өрт кафеге жайылды (видео)
Бүгүн, 2-февралда Сокулук районунда газ ташыган фура жарылып, өрттөнүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдады.
Кырсык таңкы саат таңкы саат 04:30дар чамасында болгон. Анда газ баллондору бар жүк ташуучу унаа күйүп, өрт жакын жердеги кафеге өтүп кеткен.
Өрттү өчүрүүгө саат 04:37де бөлүмүнөн 1 бөлүм тартылган.
Саат 04:48де - Чүй облусунун Сокулук райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өрт-куткаруу бөлүмүнөн дагы бир бөлүм кошумча тартылган.
Көрүлгөн чаралардын натыйжасында өрт саат 06:05те өрт чектөөгө алынган.
Учурда өрт өчүрүүчүлөр эки бригада менен өрттү өчүрүүдө.
Бактыга жараша, кырсыктан жабыркагандар болгон жок.
Кафедеги өрттүн аянты болжол менен 230 чарчы метрди түзөт.
Министрлик кошумча маалымат берилерин билдирди.
Сокулукта фура өрттөндү
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.