super.kg logo

Мексиканын президенти Шейнбаум АКШга каршы "Б" планын жарыялады

 

АКШнын президенти Дональд Трамп Мексика, Канада жана Кытайга бажы төлөмдөрүн киргизүү тууралуу буйрукка кол койгондон кийин, Мексиканын президенти Клаудиа Шейнбаум дароо жооп кайтарды. Ал Экономика министрине "Б" планына өтүүнү, тарифтик жана тарифтик эмес чараларды ишке ашырууну тапшырды. Бул тууралуу Мексика президенти Х социалдык тармагына жазды.

"Мен экономика министрине биз иштеп жаткан "Б" планын ишке ашырууну тапшырдым. Ал план Мексиканын кызыкчылыктарын коргоо боюнча тарифтик жана тарифтик эмес чараларды камтыган", - деп жазды Шейнбаум.

Буга чейин Дональд Трамп Мексика менен Канададан импорттолгон товарларга 25 пайыздык алымдарды киргизүүнү караган буйрукка кол койгон. Кытайга 10 пайыздык тарифтер киргизилет.

Кошумчалай кетсек, документте эгерде алым салынган өлкө жооп кайтаруу чараларын көрсө, тарифтердин өлчөмү көбөйтүлүшү мүмкүн экени айтылат. Трамп алымдарды киргизүү чечимин АКШга Канада менен Мексикадан дары-дармектер ташылып жатканы менен түшүндүргөн. Ал эми Кытай анын пикиринде, бул тыюу салынган заттарды чыгарат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: