"Чөнтөгүнө 6 миң сом сала коюп". МАИ кызматкерлеринен акча талап кылган чет элдиктер кармалды




ИИМдин жана Чүй ОИИББдин кызматкерлери тарабынан пара талап кылган деген шек менен эки чет элдик жаран кармалды. Бул тууралуу ички иштер министрлиги кабарлады.
Кечээ, 1-февралда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгына чет элдик жарандар Чүй облусунун ЖКККББнын кызматкерлеринен 2500 доллар опузалап акча талап кылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.
Бул факт Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгында катталып, кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси менен (опузалап талап кылуу) кылмыш иши козголгон.
Тергөөнүн жүрүшүндө 1-февралыда саат 15:20да Чүй облусунун ЖКККББнын кызматкерлери милициянын прапорщиги А.Н. жана милициянын улук сержанты М.Б. Военно-Антоновка айылында кызмат өтөп жүргөндө, айдоочулук күбөлүгү жок чет өлкөлүк Б.А. жана А.Р. аттуу жарандардын башкаруусунда Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унааны токтоткону аныкталган.
Унааны айып короого эвакуациялоо учурунда, жогорудагы жарандар милициянын улук сержанты М.Б.нын чөнтөгүнө 6000 сом салып, аны видеого тартып, андан соң 2500 миң доллар опузалап талап кылып, видеоматериалдарды социалдык тармактарга жарыялоо менен коркуткан.
Ошол эле күнү ыкчам-издөө жана атайын тергөө амалдарынын жүрүшүндө акчаны алып жаткан жеринен 1990-жылы туулган Б.А. жана 1984-жылы туулган А.Р. аттуу чет өлкөлүк жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Кармалган учурда шектүүлөрдөн белгиленген акча аныкталып, тиешелүү соттук-укуктук экспертизалар дайындалган. Учурда тергөө амалдары уланууда.
