Жеңишбек Токторбаев бүгүн дагы таң атпай Ошту кыдырды (фото)











Бүгүн, 3-февралда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев тиешелүү кызматтардын жетекчилери менен бирге Манас-Ата муниципалдык аймактык башкармалыгындагы Раззаков көчөсүнүн абалын текшерди. Бул тууралуу Ош мэриясы кабарлады.
Шаар башчысы жеринде көчөнүн жалпы көрүнүшүн жакшыртуу, анын ичинде тосулуп калган тротуарларды ачуу, мыйзамсыз соода-сатык жайларды, тосмолорду бузуп алып салуу, башаламан соодага тыюу салуу, эскилиги жеткен, өңү өчкөн жарнамалык объектилерди жаңылоо боюнча тапшырмаларды берген.
Мэр ошондой эле аймакты көрктөндүрүүгө жана жашыл аймактар менен сейил бактарды ачууга өзгөчө көңүл буруу керектигин белгиледи.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.