Кытайлык кыз турникке тартылуу боюнча дүйнөлүк рекорд койду (видео)
Кытайлык Се Тин аттуу 22 жаштагы спортчу кыз турникке тартынуу боюнча дүйнөлүк рекорд койду. Бир мүнөттүн ичинде ал турникке 44 жолу тартынып, бул жыйынтыгы менен Гиннесстин рекорддор китебине кирди.
Се Тин 2022-жылы бир мүнөт ичинде 39 жолу тартылуу жасаган америкалык Инга Симнингдин жетишкендигин ашып өтүп, аялдар арасындагы рекордду жаңырткан.
"Рекордду жаңыртсам да, мындан дагы жакшы жыйынтык көрсөтө аларымды сезип турам. Кийинки жолу мындан да жогору жыйынтык көрсөтөм", - деген ал.
Эркектер арасында турникке тартылуу боюнча рекорд япониялык Кента Адати аттуу спортчуга таандык. Ал бир сутка ичинде 8940 жолу турникке тартынган.
Кытайлык кыз дүйнөлүк рекордду койду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.