"Эмнеге сүйлөбөйт экенмин?!" Эрулан Кокулов депутаттар менен жаңжалдашты (видео)
Депутат Эрулан Кокулов Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин мүчөлөрү менен жаңжалдаша кетти.
27-январда саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев келбей калгандыктан жыйын бүгүн, 3-февралга жылдырылган. Бүгүнкү жыйынга дагы министр келбегендиктен депутат Айгүл Айдарова талкууну кийинкиге калтыруу керектигин айтып, Бейшеналиев жыйынга келиши керектигин кошумчалады. Комитеттин мүчөлөрү бул сунушка макул болушту.
Мындай чечим кабыл алынгандан кийин келген Кокулов Саламаттыкты сактоо министрлигинин ишмердүүлүгү боюнча суроо бергиси келген. Бирок комитеттин төрайымы Венера Раимбачаева ага талкуу кийинкиге калтырылганын билдирди.
Буга Кокулов нааразы болуп, жыйынтыгында депутаттар менен жаңжалдашты.
Кокулов кесиптештери менен жаңжалдашты
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.