Башкы прокуратура өткөн жылы мамлекетке канча мүлк кайтарганын жарыялады
Былтыр менчикке мыйзамсыз берилип кеткен 4 миң 488,13 гектар жер мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Маалымдагандай, 147,2 гектар калктуу конуштардын жери (баасы 1,1 миллиард сом), 1 миң 235,14 гектар айыл чарба жерлери (6,2 миллиард сом), 631,91 гектар өнөр жай жана башка максаттагы аймактар (3 миллиард сом), 2 миң 309,02 гектар суу фондуна караштуу жерлер (7,9 миллиард сом) жана 161,05 гектар токой фондуна тиешелүү жерлер (1 миллиард сом) кайтарылган.
Мындан тышкары жалпы баасы 983,6 миллион сом болгон 43 социалдык объект (мектептер, бала бакчалар, медициналык жайлар жана спорт комплекстери) мамлекеттин жана муниципалитеттердин менчигине алынган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.