super.kg logo
  Саясат  

Алмамбет Шыкмаматов Мишустиндин кыргыз бийлиги тууралуу айтканына жооп берди

 

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустиндин кыргыз бийлиги орусиялык ишкерлерге кысым көрсөтүп жатат деген дооматына жооп берди. Шыкмаматовдун тиешелүү билдирүүсүн "Акипресс" агенттиги жарыялады.

"Өлкө жетекчилиги" деп Мишустин мырза туура эмес айтып алды. Ал эми "опузалоо" деп одоно туура эмес айтты. Чарбалык иштерге саясий боёк берилип кетти десек болот. Бул көрүнүн Мишустиндин колунда объективдүү маалыматтын жоктугунан болушу мүмкүн", - деген ал.

Шыкмаматов мамлекеттик жетекчилик тарабынан акыркы убактарда жемкорлукту жок кылуу аракеттери жүрүп жатканын белгилеп, өзгөрүүлөр салык системасында да жүрүп жатканын айтты.

"Бизде тигинин же мунун компаниясы экен деген түшүнүк жок. Салык төлөөчүлөрдү башка чоң мамлекеттики, кичине мамлекеттики же чоң державаныкы экен деген да бөлүү жок. Бардыгына мыйзамда көрсөтүлгөн нормалар менен салык чегерилет. Мыйзам бардыгына бирдей, ал эми салык төлөө ыйык милдет. Эгер кимдир-бирөө салыкты жашырса, тиешелүү органдар мыйзамдын алкагында иштешет. Орусияда деле ушундай. Мишустин мырзаны Орусиядагы ийгиликтүү ишке ашырылган салык реформасынын "атасы" катары муну жакшы түшүнөт деп ойлойм", - деп кошумчалаган Шыкмаматов.

Ал салык органдары тарабынан колдонулган талаптар менен макул болбогон салык төлөөчүлөр өз укуктарын сотко кайрылып коргосо болорун да белгилеген жана мындай көрүнүш эки өлкөнүн мамилесине таасир этпеши керектигин айткан.

Буга чейин Михаил Мишустин Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен Алматыда жолукканда кыргыз бийлигин орус компанияларына кысым көрсөтүп жатат деп айыптап, аны токтотууну талап кылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: