super.kg logo

1842 жөө жүргүнчүгө 1000 сомдон айып салынды (видео)

 

Өлкө аймагында 27-январдан 1-февралга чейин “Жөө жүргүнчү” аталышында рейд өткөрүлүп, жалпы 19 миң 317 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 3-февралда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан кабарлады.

Маалымдалгандай, алардын ичинен 1842 жөө жүргүнчүгө жолдорду кесип, туура эмес жерлерден өткөндүгү үчүн 1000 сомдон айып салынды. 4920 айдоочуга жөө өткөлдөрдөн жөө жүргүнчүлөргө жол бошотуп бербегендиги үчүн 3000 сомдон айып салынды.

"2024-жылы катталган жол кырсыктарынын 38 пайызы жөө жүргүнчүлөрду сүзүп кетүү фактылары менен коштолгон. Ошол себептүү мындай фактыларга жол бербөө максатында ЖКККБ жөө жүргүнчүлөргө карата рейддик иш-чараларды уюштуруп, көзөмөлдү күчөтүүдө", - деп айтылат билдирүүдө.






Видео

Видео

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: