26 жаштагы кыргыз жараны Орусияда жол кырсыктан каза тапты
Кечээ, 2-февралда Орусиядагы Москва айланма жолунда жол-транспорт кырсыгы катталып, 26 жаштагы Кыргызстандын жараны каза тапты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсыктын кесепетинен 1998-жылы туулган Ш.А. аттуу кыргыз жараны каза болгон. Бул факты боюнча кылмыш иши козголду.
Учурда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгү маркумдун жакындары менен биргеликте анын сөөгүн Кыргызстанга жеткирүү маселесин карап жатат.
Бул маселе Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги менен Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгүнүн көзөмөлүндө экени кошумчаланды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.