super.kg logo

Армен Саркисянды жардырып өлтүрүүгө аял кишинин тиешеси болушу мүмкүн экени айтылды

 

Москвадагы элиталык "Алые Паруса" турак жай комплексинде жарылган колго жасалган жардыргыч затты кыз коюп кеткен болушу мүмкүн. Бул тууралуу Mash Тelegram каналы билдирди.

Маалыматка ылайык, үйдүн жашоочуларынын бири эртең менен батирден чыгып келе жатып бир кыздын эмоцианалдуу түрдө телефон менен сүйлөшүп жатканын, ал карап калганда бетин жашырганын айткан.

Телеграм канал кыздын бою орточо, чачы узун, кара күрмө кийип жүргөнүн жазды.

Учурда укук коргоо органдары аны издеп жатышат.

Москвадагы жарылуу кечээ, 3-февралда болгон. Анда белгисиз адам "Алые Паруса" турак жай комплексине жардыргыч зат таштап кеткен. Ал зат Донецктин бокс федерациясынын президенти Армен Саркисян лифттен чыккан маалда жарылган. Окуя болгон жерден бир адам каза болсо, үчөө оор абалда ооруканага түшкөн. Алардын бири Саркисян болчу. Саркисян кийинчерээк бир бутун кесүү учурунда каза болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: