super.kg logo

Индияда сөөк коюу учурунда маркум бир нече жолу көзүн ирмеди

 

Индияда маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатына келгендер каза болгон адам көзүн ирмегенин көрүштү. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы жазды.

Коштошуу маалында маркумдун көзүн бир нече жолу ачканын анын жакындары байкашкан. Алар таң калып, тажияга келгендердин бири ал киши тирүү экенин айткан. Башка туугандары аны ооруканага жеткирүү үчүн тез жардам чакырууну сунушташкан.

Көзүн ирмеп жаткан маркумдун видеосу интернетке тарап, кызуу талкууну жараткан. Айрымдар ал киши чындап эле тирүү жана бүт күчү менен жашоо үчүн күрөшүп жатканын айтышса, башкалары бул кереметке ишенбей, маркумдун көзүнүн ирмешин ткандардын жана булчуңдардын өлгөндөн кийинки өзгөрүүлөрү менен байланыштырышкан.

Окуя болгон жерге дарыгерлер келген, келбегени жана окуя эмне менен аяктаганы белгисиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: