super.kg logo

АКШнын катчысы Канада АКШга штат болбой, кошуна бойдон каларын айтты

 

АКШынын Мамлекеттик департаменти Канаданын өкмөтү менен ал өлкөнү Кошмо Штаттарга 51-штат катары кошуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзбөйт. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио билдирди.

"Биз аларды штат кылуу жөнүндө сүйлөшүүгө катышкан жокпуз. Албетте, мен ойлойм, азыр биз үчүн эң актуалдуу болгон нерсеге, тагыраагы, мамилебизге таасир эткен тарифтерге көңүл бурушубуз зарыл. Биз дагы эле кошунабыз жана ар дайым кошуна болобуз", - деген ал Fox News телеканалына курган маегинде.

Белгилей кетсек, 6-январда Трамп Канадага Кошмо Штаттарга кошулууну сунуштаган. Анын айтымында, канадалыктардын көбү өлкөсү АКШнын 51-штаты болуусун колдойт. Ал мындай идеясын өткөн жылдын декабрь айында да 2 жолу көтөргөн эле. Жыл башында жаңы лидер өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына Канаданын аймагы АКШнын курамына бириктирилгенин көрсөткөн картаны дагы жарыялап жетишти.

Трамп былтыр ноябрда АКШдагы президенттик шайлоону жеңип чыкканда бир катар дүйнөнү чочуткан пландарын айтты. Ал Даниянын курамындагы Гренландияны дагы АКШга бириктирүү, Панама каналын алуу жана Мексика булуңун атын өзгөртүү пландары бар экенин ачыктаган.

20-январда расмий президенттик кызматка киришкенде анын биринчи жарлыктарынын бири Мексика булуңун Америка булуңу деп атоо болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: