Кытай бажы салыгын киргизген АКШга жооп берди
Кытай АКШнын товарларына жооп иретинде соода бажы төлөмүн киргизди. Бул тууралуу РИА Новости басылмасы жазды.
Маалыматка ылайык, Кытайдагы мамлекеттик кеңешменин чечими менен АКШдан келген көмүргө жана суюлтулган газга 15 пайыз, мунайзат жана айыл чарба техникасына 10 пайыздык салык төлөнөт. Ошону менен катар Кытайдын Соода министрлиги өлкөнүн улуттук коопсуздук кызыкчылыктарын коргоо үчүн вольфрам, теллур, рутений, молибден жана рутений менен байланышкан продукцияга экспорттук көзөмөл киргизип жатканын билдирди.
Эске салсак, АКШнын жаңы администрациясы буга чейин Кытайдан келген товарларга 4-февралдан тарта 10 пайыздык бажы салыгын киргизе турганын жарыялаган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:32
2025-06-24
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.