super.kg logo

УКМК Оштогу окуядан кийин шектүү делгендерди аёосуз кармады (видео)

 

Ошто бир жаранды сабаган деп шек саналып жаштар тобунун 3 мүчөсү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 4-февралда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, 9-январда Нейтрал аталышындагы жаштар тобунун айрым мүчөлөрү А.Б. аттуу жаранга кол салышкан. Жыйынтыгында жабырлануучу бычактан алган жаркаттарынан улам Ош облустук ооруканасына жаткырылып, ага бир нече операция жасалган. Факты боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү катары 23 жана 22 жаштагы жарандар кармалып, камакка алынган. Атайын кызмат учурда тергөө иштери улантылып жатканын жана бул окуянын калган катышуучуларын тактоо иштери жүрүп жатканын белгиледи.

Мындан тышкары УКМК Ош шаарынын аймагында өз ара уюшулган жаштар топторунун мүчөлөрүнө түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнүн, 3 жаранга карата алдын алуу иштери болгонун маалымдады. Ошондой эле маалыматта аларды укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан калкалоо фактыларын аныктоо жана андай көрүнүштөргө бөгөт коюу боюнча иштер жүргүзүлүп жатканы айтылат.

УКМК жаштарды, анын ичинде спортчуларды жоопкерчиликке тартылып калбоо үчүн ар кандай топтордун мыйзамсыз иштерине аралашпоону эскертет.






УКМК 04.02.25

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: