super.kg logo
  Саясат  

Жанар Акаев сунушталган мыйзам боюнча: "Журналисттер катачылыктарды дүрбү менен карап турушу керек"

 

Бүгүн, 4-февралда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитетинин жыйынында депутат Жанар Акаев кайра иштелип чыккан "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндөгү" мыйзам долбоорунда өзү каршы болуп келген эки берененин алынып салынганын кубаттады.

Эл өкүлү мыйзам долбоорунун мурунку редакциясы ЖМК өкүлдөрү тарабынан сынга алынып, коомчулукта талкуу жаратканын эске салды.

"Мен ЖМК Санарипти өнүктүрүү министрлигинен каттоодон өтүшү керек дегенге каршы болгом. Мына жаңы долбоордо алыныптыр. Экинчиси, мурдагы долбоордо журналисттер мамлекеттик органдардан маек алышы үчүн же элге маалымат алып бериши үчүн ошол мекеменин жетекчисинен уруксат алышы керек эле. Эгер ушул бойдон кабыл алынганда эл күткөн суроолорду журналисттер мамлекеттик органдардан сурай албай калмак. Элестеткиле, "оюңуз кандай?" деп сурап жатса, "кат жүзүндө уруксат алып кел" дегенин. Мыйзамдын калган бөлүктөрүн толук карап жетишпедим, бирок ушул 2 нерсе алынганын кубаттайм.

Журналисттер министрлерди "Элдин акчасы кайда кетип жатат? Эмне үчүн мындай кылбай жатасыз" деп такалап турушу керек да. Журналисттер коомдо санитар да. Алар катачылыктарды кароолчулардай болуп дүрбү менен карап турушу керек", - деди Акаев.






Жогорку Кеңеш 04.02.25

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: