super.kg logo

Олаф Шольц Украинага жардам берип алып, кайра металл талап кылган Трампты айыптады

 

Германиянын канцлери Олаф Шольц АКШ президенти Дональд Трамптын Украинадан жардам ордуна сейрек кездешүүчү металлдарды берүү талабын өзүмчүлдүк деп атады. Бул тууралуу Германиянын канцлери Евробиримдиктин Брюсселдеги расмий эмес коргонуу саммитинен кийин билдирди.

Анын айтымында, АКШ Украинадан талап кылган бул сейрек кездешүүчү метталдар кайра эле Киевди калыбына келтирүүгө керек болот.

"Биз бул өлкөнүн ресурстарын согуштан кийин керектүү нерселердин бардыгын каржылоо үчүн колдонушубуз керек", - деген Шольц.

Немис лидери келечекте Украинага күчтүү армия, ошондой эле өлкөнү калыбына келтирүү үчүн каражат керек болорун баса белгиледи.

Буга чейин Дональд Трамп Украина АКШга сейрек кездешүүчү металлдарды берсе, бул өлкөгө аскердик жардам улантыларын баса белгилеген.

Батыш өлкөлөрүнүн Украинанын сейрек кездешүүчү металлдарына жетүүсү Владимир Зеленскийдин “жеңиш планынын” пункттарынын бири. Ал Киевди колдогон мамлекеттерге "инвестициялардын кайтарымын камсыз кылууга" убада берип, Украинанын жаратылыш ресурстарын, анын ичинде триллиондогон долларга бааланган маанилүү металлдарды атаган. Алардын арасында уран, титан, литий, графит бар.

Зеленский бул планды Трампка 2024-жылдын сентябрь айында Нью-Йорктогу жолугушууда сунуштаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: