super.kg logo
  Саясат  

Парламент комитети ЖМК боюнча мыйзам долбоорун кароону кийинкиге калтырды

 

Бүгүн, 4-февралда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитети кайра иштелип чыккан "Жалпыга маалымдоо каражаттары" жөнүндө мыйзам долбоорун кароону кийинки жумага жылдырды.

Документти маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев тааныштырып, долбоор жарандык коом, журналисттердин катышуусунда иштелип чыкканын айтты. Жаңы редакцияда маалымат каражаттары милдеттүү түрдө мамлекеттик каттоодон өтүш керек деген талап алынып салып, редакция ыктыярдуу түрдө каттоодон өтсө болору каралган. Ошондой эле бул жолукусунда ЖМКларды Санариптик өнүктүрүү министрлигин кошпостон, бир гана Юстиция министрлигинен гана каттоодон өткөрүү сунушталган.

Мындан тышкары ЖМКлар расмий булактан алынган же коомдук жайда айтылган маалыматты чагылдырса жоопкерчиликке тартылбай турганы белгиленген. Журналисттер мамлекеттик органдардын ишмердиги тууралуу маалымат сураса тиешелүү мекеме үч күндүн ичинде жооп бериши, эгерде тактоо зарыл болсо, 14 календардык күн ичинде маалымат бериши керектиги айтылган.

Ал эми ЖМКлардын ишмердүүлүгү уюштуруучунун же соттун чечими менен гана токтотулат. Документте бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык жасаган материалдарды бир жылда эки жолудан ашык жарыялаган ЖМКга жазуу жүзүндө эскертүү берилип, ал аткарылбаса гана медиа жабылары жазылган.

Талкууда депутат Жанар Акаев ЖМКлар Санарипти өнүктүрүү министрлигинен катоодон өтүшү керек жана журналисттер мамлекеттик кызматкерлерге суроо берерде мекеме жетекчисинен уруксат алышы керек деген нормалар алынганын кубаттады.

Ал эми эл өкүлү Нурбек Сыдыгалиев мыйзам долбоорун шашпай карап чыгуу керектигин белгилеп, кароону кийинки отурумга жылдырууну сунуштады. Демилгени кесиптештери колдоого алды.

Эске салсак, былтыр 13-мартта президент Садыр Жапаров Министрлер кабинети сунуштаган "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө" мыйзам долбоорун артка кайтарып алган. Аталган мыйзам ошол учурда коомчулукта талкуу жаратып, ЖМК өкүлдөрү жана эл аралык уюмдар тарабынан сындар айтылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: