super.kg logo

Кёрлинг боюнча Кыргыз курамасы дагы Азия оюндарын жеңиш менен баштады

 

Кытайдын Харбин шаарында өтүп жаткан Кышкы Азия оюндарынын алкагында кёрлинг боюнча мелдештер башталып, улуттук курама команда жеңишке жетти.

Тагыраагы, Кыргызстандын улуттук курама командасы Кувейт курама командасын 8:6 эсебинде жеңген. Эми кыргыз оюнчулары экинчи беттеште Филиппин курама командасы менен күч сынашат.

Эске салсак, Кышкы Азия оюндарына Кыргызстандын атынан хоккей, биатлон, слалом, кёрлинг жана көркөм муз тебүү боюнча 50дөн ашык спортчу барган.
Белгилей кетсек, буга чейин хоккей боюнча улуттук курама команда Кувейт менен кез келип, алар дагы 9:8 эсебинде жеңишке жеткен.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: