super.kg logo

Депутат Талиева Исхак Раззаковдун кызынан кабар алып, төраганын 100 миң сомун тапшырды

 

Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева мамлекеттик жана саясий ишмер Исхак Раззаковдун кызы Элмира Раззаковадан кабар алып, параменттин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулунун атынан жардам катары 100 миң сом тапшырды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.

"Исхак Раззаков өлкөнүн өнүгүшүнө жана кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышына зор салымын кошкон белгилүү мамлекеттик жана саясий ишмер. Анын өмүр жолу ар бир кыргызстандыкка, айрыкча мамлекеттик жана саясий иштерде эмгектенип жаткан жарандарга үлгү.

Улуу инсандын урпагы саналган сиздей эжелерибиз менен сыймыктанабыз. Жогорку Кеңештин депутаттары, анын ичинен төрагабыз да майрам учурунда гана эмес, дайыма сизге колдоо көрсөтүп, жардам берүүгө даяр", – деген эл өкүлү.

Ошондой эле Талиева Элмира Раззаковага ден соолук каалап, өзү ала барган белектерин да берген. Өз кезегинде Раззакова жакында эле көзүнөн операция болгонун, учурда абалы жакшы экенин айтып, спикер баштаган парламент депутаттарына көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылыгын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: